УКМК телефон шылуундарына көмөктөшкөн топ кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, жарандарды банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен.
УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аккаунттар жана банк карталары Telegram аркылуу "скамерам" деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылчу.