Жети-Өгүздө окуучуларды сабаган мугалим жоопко тартылды
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринин дене тарбия мугалими класста балдарды сабаганы үчүн Бузуулар кодексинин 56-беренеси ("Уруп-сабоо") менен жоопко тартылды. Бул тууралуу 3-февралда облустук милиция маалымдады.
Маалыматка ылайык, 28-январь күнү райондун Чырак айылынын тургуну 8-класста окуган баласын башка классташтарына кошуп ошол күнү сабак учурунда дене тарбия мугалими сабаганын айтып, даттанган:
"Тергөөгө чейинки жүргүзүлгөн иштердин алкагында Чырак орто мектебинде дин таануу...