Таласта прокурордун орун басары пара талап кылууга шек саналып кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусундагы райондук прокурордун орун басары С.К.О. пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Ал УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалганы белгиленди.
Маалыматка ылайык, шектүү мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, "каматам" деп коркутуп, алардан дайыма 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып келгени аныкталган. Прокурордун...