Улуттук банк кирешесин 100% мамлекеттик бюджетке өткөрөт
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 2-февралда "Улуттук банктын кирешелерин которуу жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап, шыр эле үч окуудан кабыл алды. Мыйзам долбоор эми парламенттин жалпы отурумунда каралат.
Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банк кирешесин 100% мамлекеттик бюджетке өткөрүп берет. Буга чейин банк кирешесинин 90% өткөрүп келген.
Жыйында башкы банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров...