Жынысты өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Кыргызстанда жынысын өзгөртүүгө жана ага байланышкан документтерди өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев даярдаган долбоордо мындай өзгөртүүгө улуттук-руханий баалуулуктарды жана үй-бүлө институтун коргоо максаты себеп экени жазылган.
“Биринчиден, сот адилеттиги жана жаза аткаруу чөйрөсүндө жаза өтөө ордун (эркектердин же аялдардын колониясы) аныктоо маселеси келип чыгат, бул башка соттолгондордун коопсуздугуна коркунуч келтирет. Экинчиден...