Альтернативдүү аскердик милдет өтөө акысын көтөрүү камтылган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
2-февраль күнү Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети "Жалпы аскердик жана альтернативдүү милдет өтөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карады. Отурумга Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, маалымат беришти. Бир катар депутаттар альтернативдүү аскердик милдет өтөөнүн баасын көтөрүү азыркы кымбатчылык шартта туура эмес болуп каларын белгилешти.
"Бир айлык кызматка барып, милдет өтөп, аскер билетин алуу үчүн 50 миң сом алынат. Бирок бул акча ал балдардын өздөрүнүн кийим-кече...