Казакстанда ооруканаларга кызамыктан эмделген балдар гана кабыл алынат
Казакстандын баш калаасы Астанада балдарды пландуу түрдө ооруканага жаткыруу тартиби өзгөртүлдү. Мындан ары стационарларга кызамыкка каршы вакцина алган гана балдар кабыл алынат. Тиешелүү токтомго борбор калаанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кол койгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Бул чечим шаарда кызамык оорусунун кескин жайылышына байланыштуу кабыл алынды. Акыркы үч жума ичинде Астанада 403 учур катталып, бир жума ичинде оорунун деңгээли 2,8 эсеге өскөн. Ооругандардын 96% 14 жашка чейинки балдар экени кабарланды.