Бишкекте жол кире төлөбөгөн 300дөн ашуун киши айыпка жыгылды
2025-жылы Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто - автобустарда жол кире төлөбөй жүргөн 369 киши кармалып, айып пул салынган.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, айып пулдун жалпы суммасы 369 миң сомдү түздү,
Автобустарда жол кире төлөбөй жүргөн адамдарды текшерүүчү рейддер 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Текшерүүнү "Бишкекшаартранспорт" ишканасы "Тулпар" мекемеси менен чогуу жүргүзөт.
Жол кире төлөбөй жүргөн адамга 1000 сомдон айып пул салынат.
Муниципалдык автобустарда жол кире 17 сом.