Ишкер Аскалиев өкмөт өкүлдөрү менен "Белес" автобусу тууралуу жыйын болгонун билдирди
Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүштөгү "Белес" аттуу автобусту чыгарууга аракет кылып жаткан ишкер Мирбек Аскалиев өлкө башчысына кайрылгандан кийинки жагдай тууралуу маалымат берди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуу өткөнүн билдирди.
“Президентке караштуу инвестиция тартуу агенттиги бар экен. Ошол агенттик биз менен байланышып, жыйын өткөрүп берди. Ал жыйынга бир катар министрликтердин өкүлдөрү катышты. Кыргызавтоөндүрүштү колдоо жаатындагы жеңилдиктер тууралуу маалымат берилди.