Жапониянын колдоосу менен ишке ашып жаткан "Бир айыл – бир продукт" долбоору талкууланды
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 30-январда Бишкекте Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда тараптар өз ара алака-катышты талкуулашты. Негизги көңүл Жапониянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Бир айыл – бир продукт” долбооруна бурулду.
“Тараптар “Бир айыл — бир продукт” долбоорунун жогорку натыйжалуулугун белгилешти. Бул долбоорду мындан ары өркүндөтүү жана...