Эл аралык иш-чараларды каржылоо "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамынан чыгарылды
Президент Садыр Жапаров 30-январда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президенттин сайтында жарыялангандай, мыйзамдын максаты - сатып алууларды жүргүзүүдө бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжал пайдалануу.
Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдан тышкары жүргүзүлөт жана буйрутма берүүчү менен аткаруучунун ортосундагы келишим аркылуу жүзөгө ашырылат.