Январда кафе-ресторандарда тамак-аштын баасы 15% кымбаттады
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы кафе жана ресторандардын өкүлдөрү менен баа маселесин талкуулады.
Антимонополиянын маалыматында, 2026-жылдын январь айында айрым кафе- ресторандарда тамак-аштын баасы 15% ашык кымбаттады. Ишкерлер муну ижара акысынын жогорулашы, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү, тамак-аш даярдоодо колдонулуучу азык-түлүктүн кымбатташы, чарбалык чыгымдардын, кызматкерлердин...