Кыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңылады
Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге шилтеме берип, Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашып, өз тарыхындагы рекорддорун жаңыртканын билдирди.
Мелис Тургунбаев бул мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнөн дээрлик 2 эсе жогору экенин жана импорттун 9 айга жакынын камсыздай аларын айткан.
Буга чейин өлкөнүн эл аралык резервдери 2025-жылдын ноябрынын жыйынтыгы менен 8 млрд 269,16 млн АКШ долларын түзгөн болчу.