№13 шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-январда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктаганын билдирди.
Боршайкомдун маалыматында жалпысынан 31 адам талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын 21и эркектер, калган 10у аялдар. Ушул күнгө чейин 11 талапкер катталды, төрт киши арызын кайтарып алса, БШК бир адамды талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн.