Кыргызстанда 1 миллионго жакын бала жакырчылыкта жашайт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1-январга карата Кыргызстандын калкынын саны болжол менен 7 млн 300 миң деп эсептелсе, анын ичинен 1 млн 800 миңдейи 18 жашка чейинкилер экенин айтты.
Бул тууралуу ал 30-январда Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында айтып, өлкөдө жакырчылык 2020-жылдагы COVID-19 учурунда жогорулап 30% чейин жеткенин билдирди.
“Жылына киши башына кирешеси 65 миң 417 сомдон төмөн болсо жакыр деп эсептелет. Өткөн...