Президент Жапаров "Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия бар" деп билдирди
Президент Садыр Жапаров 29-январда "Кабар" агенттигине кезектеги маегинде кызматка киришкендигинин беш жылдыгына байланыштуу "демократиядан артка кайттык дегендерге карата сиздин комментарий?" деген суроого жооп берди.
Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин, социалдык тармактар, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандар "каалаганын каалагандай эле айтып жатканы" демократиянын белгиси экенин кошумчалады.
"Социалдык маселеби, саясий маселе болобу, өкмөттүн деңгээлиндеги чечим же жеке өзүнүн проблемасы болобу жазып деле...