Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдаган уюмдардын ишин жөнгө салуу жана өркүндөтүү чаралары камтылган жарлыкка кол койду.
Документ 29-январда президенттин сайтында жарыяланды. Ага ылайык, 2026-жылдын 30-январынан тартып 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын окуткан жана кайра даярдаган мектептердин ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилет. Бул мезгил аралыгында автомектептерге мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат.