Токаевдин чет өлкөгө 14 млрд доллар которулганы тууралуу сөзү расмий сайттан алынды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөн каражатты мыйзамсыз чыгарууну экономикалык коопсуздукка тикелей коркунуч деп атады. Бул тууралуу Tengrinews.kz “Ак ордонун” басма сөз кызматына шилтеме менен кабарларды.
Ал эми “Азаттыктын” казак редакциясы Токаевдин банктардын бири чет өлкөгө 7 трлн теңге (14 млрд доллар) которгонун сындаганын, бирок кийин ал билдирүү мамлекет башчынын кеңсесинин сайтынан алынып салганына көңүл бурат.
Жергиликтүү бир катар сайттар да Токаевдин ошол сөздөрүнүн видеосун жана тексттерин алып салды.