ЖК гимндин үч вариантын тең четке кагып, кайра сынак жарыяланды
Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какты.
Гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына парламенттин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирди. Комиссия 1-июнга чейин иштейт. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эгер зарыл болсо убактысы дагы узартыларын айтты.
Сынакка жеке адамдар же биргелешкен топтор да катышса болот.