Бир жолку берилүүчү "Бала береке" төлөмүн 2027-жылы 11 миң бала алат деп болжолдонууда
2026-жылдын 1-январынан тартып президенттин “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирди. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал - бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат.
Бул туралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирген. Анын сөзүнө караганда:
4-балага – 100 миң сом;
5-балага ...