Ооганстан: "Ислам мамлекети" кытай жарандарын эмне үчүн бутага алууда?
Январь айында Кабулдагы кытай мейманканасынын ресторанында болгон жардырууну өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топтун аймактык канаты өз мойнуна алган. "Талибан" башкарган Ооганстанда "Вилаят Хорасан" тобунун жоочулары кытай жарандарын бутага алган жаңы коркунуч жаралды.