ЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке какты
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков жазасын өтөп жаткан абакта каза болгону тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматты четке какты.
Буга чейин интернет булактарында ал түрмөдө киши колдуу болгону жөнүндө кабарлар чыккан.
Укук коргоо органдары Мурсалым Өмүрзаковду ар кайсы жылдары ар кандай кылмыш иштерине айыптап кармап, кийин ал эркиндикке чыккан. Акыркы жолу аны 2022-жылы май айында Чүй облустук милициясы кармап...