Нипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүүгө чектөө койду
Кыргызстан 28-январдан тартып Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал-жандыктарды жана эт азыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Мындай чечимди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кабыл алды. Мекеме бул чараны өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү.
Индиянын Батыш Бенгалия аймагында адам баласы үчүн өтө кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга...