Тажикстан оогандык 16 жумушчу "кенде каза тапты" деген маалыматты төгүнгө чыгарды
Тажикстандын Өнөр жай жана кендер коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Санат Рахим Айни районундагы шахтада оогандык 16 жумушчу "каза тапты" деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу жазды.
Маалыматка караганда, Рахим 27-январдагы пресс-конференцияда райондук прокуратурага кайрылганын, андай окуя катталбаганы жана ал жакта мыйзамсыз жүргөн ооган жарандары иштебегени тууралуу жооп алганын билдирди.
Анын алдында Afghanistan International TV телеканалы былтыр май жана...