Орусияга жүк жеткирүү көйгөйү парламентте айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын ишкерлери жиберген товарлар Орусиянын чек арасында ары киргизилбей, кармалып турганы боюнча маселе көтөрдү.
Депутат бул тууралуу 28-январда парламенттин жалпы отурумунда айтып, спикер Нурланбек Тургунбек уулун бул маселени Орусия өкмөтүнүн алдына коюуну сунуштады.
"Мына, парламент толук кандуу ишке кириштик. Урматтуу төрага, сиз өзүңүз Орусияга расмий иш-чара уюштуруп, Мамлекеттик думага, Федерация кеңешинин төрайымына жеке жолугуп, ушул маселени коюп...