Спикер Тургунбек уулу баалардын кымбатташынан улам өкмөттүн ишин сындады
Парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу 28-январдагы отурумда коомдук тамактануучу жайлардагы тейлөө акысы үчүн 15% акы алынганы менен, эл жеңилдик сезбегенин айтты.
"Баалар аябай кымбат, таксиде, кафе-ресторандарда, чачтарачканаларда баа дүйнөлүк борборлордон да кымбат. Нааразылар көп. Кафе-ресторандарда тейлөө акысыз болот дешти. Алар болсо болсо бул акыны тамак-аштын баасына кошуп коюшту. Жыйынтыгында алар эч нерсе жоготушкан жок, карапайым эл кайра эле көп төлөп жатат. Ошондуктан, Министрлер...