ТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий берди
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда 3 жыл 3 айга соттолгон Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковдун иши боюнча комментарий берди.
Тышкы саясат мекемеси ал 2025-жылы кармалып, 2026-жылдын 22-январында эркинен ажыратылганын, кармалгандан баштап Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери аны менен байланыш түзүп, зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады. Бирок ал эмне иш менен соттолгонун тактаган жок.
АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында Сергей Жарновников Америкада жасалган...