Президент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган жарлыгы коомдук талкууга коюлду.
Жарлыкта "ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген" жана "экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн" көйгөйлөр сакталып жатканы жазылган.
Президент ишкер коомчулугу укук коргоо органдарынан тартып, салык жана башка көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсүнөн тышкары жергиликтүү бийлик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ашыкча текшерүүлөрүнө кабылып жатканын белгилеп...