УКМК мектеп, бала бакчаларда "бомба бар" деген жалган маалымат тараткан окуучу кармалганын билдирди
Жалал-Абад облусунда мектеп, бала бакчаларда "жардыргыч зат коюлган, бомба бар" деп жана башка ушул сыяктуу террордук билдирүүлөрдү жасап жүргөн деген шек менен 8-класстын окуучусу кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Мекеме ал Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жашагандыгын, Фейсбуктагы "Казарман реклама" деген жабык баракчасына билим берүүчү мекемелерге террордук чабуулдар даярдалып жатканы тууралуу билдирүүлөрдү жайгаштырганын маалымдады.