Медиа: Орусия Сириядагы Эл-Камышлы аэродромунан аскерин чыгарууда
Орусия Сириядагы Эл-Камышлы аэродромунан аскерлерин чыгарууда. Акыркы жумаларда Дамаск өкмөтү күрддөр башкарып келген чөлкөмдө өз көзөмөлүн орнотуу аракеттерин күчөткөн. Орусия аскерлерин чыгарып жатканын Рейтер агенттиги булактарына таянып жана бир катар араб маалымат каражаттары жазышты.
Сириянын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Эл-Камышлыга орус бөлүктөрү 2019-жылы жайгаштырыла баштаган. Маалыматка ылайык, ал жактагы аскерлердин саны Тартус жана Хмеймим базаларына караганда азыраак болчу. Булактардын айтымында...