Иран: АКШ кандай аскердик кадам жасайт?
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Жакынкы Чыгышка атайын учактарды, аба чабуулунан коргоочу системаларды жана миңдеген аскери бар аба кемелерин жайгаштырып жатканын талдоочулар маалымдоодо. Мунун баары, алардын белгилешинче, Иран менен алакада чыңалууну жаратып, аскердик аракеттер ыктымалдыгын жогору кылууда.
Иранда жыл аягында тутанган акциялар учурунда АКШ президенти Дональд Трамп демонстранттарга каршы күч колдонулса бул өлкөнүн аймагына "аскердик чабуул жасалышы ыктымал" экенин айткан. Кийин ал мындай кадамга барбай турганы белгилүү болгон.