Сыдыков Жумгал, Ак-Талаа, Чоң-Алай райондорунда бир да адвокат жок экенин айтты
Министрлер кабинети адвокаттык лицензия алуу үчүн тестирлөөдөн жетиштүү упай топтой албай калгандарды жактоочулар жетишсиз болуп жаткан аймактарда иштөөгө уруксат берүү сунушун киргизди.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 27-январдагы жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, тест тапшыргандар суроолордун 70% туура жооп берсе адвокаттык лицензия берилет.