БШК Мансуралыевди №13 округдан талапкер кылып каттоодон баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөткөн Залкарбек Мансуралыевди талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Боршайком Чек ара кызматына шилтеме берип, ал 2021-жылы 354 күн, 2022-жылы 364 күн, 2023-жылы 123 күн чет жактарда жүргөнүн билдирди. Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкер болуп катталуу үчүн жаран соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашашы керек.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн.