Менчик автомектептердин ээлери иши токтоп калганын билдиришти
Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери иши токтоп калганын билдиришти. Өлкөнүн жер-жерлеринен келген ишкерлер 26-январда Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.
Алар 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын, бул мыйзамсыз экенин айтышты. Чогулгандар окуунун жаңы программасы, менчик автомектептердин тагдыры кандай болору тууралуу так чечим жок экенине...