Алтындын дүйнөлүк базардагы баасы рекорддук 5 миң доллардан ашты
Алтындын дүйнөлүк базардагы баасы дүйшөмбүдө рекорддук чекке жетип, бир унциясы 5 миң доллардан ашты. 2025-жылы баалуу металлдын баасы 60 процентке өскөн.
Мындай көрүнүш геосаясий олку-солку, белгисиздик, Гренландиянын айланасындагы чыңалуунун фонунда болуп олтурат.
Адистер биржалар АКШнын соода саясатына, президент Дональд Трамптын Канаданын товарларына бажы тарифтерин 100% көтөрүү тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу тынчсызданууну чагылдырганын айтышат.
Алтын жана башка кымбат баалуу металлдар...