Комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап алды
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап алды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жаңы гимндин үч варианты сынактын 2-айлампасына өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген.
Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети бул варианттарды карайт.
Былтыр 25-июлда гимнди өзгөртүү...