ЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты
27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч ырды укту. Депутаттарга текст музыкасы менен чогуу аткарылган варианттар угузулду.
Жыйынга мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да катышты. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгилеп...