Милиция депутат Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордерин чыгарды
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы мурдагы жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдон зордук-зомбулук көрдүм деген Асел Азаматованын арызы катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. Ошондой эле келинге коргоо ордери чыгарылды.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Асел Азаматова 26-январда арыз жазып, мурдагы күйөөсү узак убакыттан бери психологиялык кысым кылып келатканын, буга чейин зомбулук көрсөткөнүн айткан.
“Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.