Министрдин орун басары эттин баасы туруктуу кармалып жатканын айтты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда эттин баасы туруктуу кармалып жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал 26-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Экономика жана коммерция министирлиги, Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирге иштеп жатабыз.