Сот Шайлообек Атазовду жана дагы бир шектүүнү үй камагына чыгарды
Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов жана бул иш боюнча айып тагылгандардын ичинен дагы бир шектүү (К.Н.К.) үй камагына чыкты.
Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-январда чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да үй камагына чыгарылган. Камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко...