Чүй милициясы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча маалымат берди
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек-Ош автожолунун 141-чакырымында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, 25-январь күнү саат 11:35 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) жүк ташуучу машине күйүп жатканы боюнча маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Текшерүүдө MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын ээси (О.К.) күйүүчү май заттарды ташып иштей турганы аныкталган.