Стамбулда өзбекстандык кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Түркиянын Стамбул шаарынын Шишли районунда 24-январда өзбекстандык кыздын сөөгү табылды.
Түрк маалымат каражаттары башы алынган сөөктү кечки саат 19:40 чамасында таштанды иргеген жергиликтүү тургун таап алып, укук коргоо органдарына кабар бергенин жазышты.
Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Телеграм каналында түрк укук коргоо органдары менен биргелешкен иштин, соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында маркумдун тек-жайы аныкталганын билдирди.
Консулдуктун маалыматына караганда, кылмышка шектелип Өзбекстандын эки жараны кармалган.