Бишкектин башкы планы боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыкты
2050-жылга чейин Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыкты.
Долбоордо 2025-жылдын 1-январына карата борбор калаада 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылы ал 1 миллион 920 миң кишиге жетип, Бишкекте калктын саны дээрлик 600 миң адамга көбөйө турганы көрсөтүлгөн. Өкмөт бул шаарда инфраструктураны комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кыларын билдирди.
Учурда шаардын аймагы 41 миң 81 гектар болсо, 2050-жылга...