Камакта жаткан экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты
Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыкты.
Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Асел Аргынбаева билдирип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсүнө Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз жазганын, кийин тергөөчү сотко өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырганын айтты.
2025-жылдын ноябрь айында ИИМ 10 адамды кармаган.