Миннеаполисте федералдык агент дагы бир кишини атып салды, миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты
Миннеаполисте федералдык чек ара кызматынын агенти дагы бир кишини атып салды.
CNN билдиргендей, каза тапкан киши - 37 жаштагы Алекс Претти. Ал реанимацияда медицина кызматкери болуп иштеп келген. Окуя 24-январдын түнү болгон. Бир нече жолу ок деген Претти ооруканага жетпей үзүлгөн. Ал АКШ жараны болушу мүмкүн.
Американын Ички коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Триша Маклахлин Миннеаполисте атайын операцияны федералдык чек ара кызматкерлери жүргүзгөнүн айтып, алар зомбулук үчүн изделип жаткан...