Казакстанда студент кыздын өлүмү боюнча дагы бир кылмыш иши козголду
Чымкенттик студент, 21 жаштагы Нурай Серикбайдын өлүмүнө байланыштуу дагы бир кылмыш иши "Никеге мажбурлоо" беренеси менен козголду. Маалыматты жабырлануучу тараптын адвокаты Аянхан Омаров билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Чымкент шаарына Казакстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын комиссиясы жөнөтүлдү. Тажрыйбалуу полициячылардан ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Адвокат тергөө ар тараптуу, калыс жана бат жүргүзүлөт деп үмүттөнүүдө.
Ошол эле учурда полиция кыздын өлүмү боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен козголгон ишти иликтөөнү улантууда.