2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 адам каза тапты
2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматы маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул мурунку жылга салыштырмалуу 157 адамга көп.
Буга чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) 2025-жылы өлкөдө 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталганын билдирген.
Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жалпысынан ылдамдыкты ашыра айдоо, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо, автоунааны мас абалында айдоо, жашы жете электерди рулга отургузуу...