АКШ Ирандын "көмүскө флотуна" каршы санкция киргизди
Америка Кошмо Штаттары Ирандын “көмүскө флотундагы” жана алар менен байланышта болгон сегиз компаниянын тогуз танкерине каршы санкция киргизди.
АКШ Каржы министрлиги чектөөлөр Ирандагы каршылык акциялары ырайымсыздык менен басылышына байланыштуу киргизилгенин билдирди.
“Кара тизмеге” кирген танкерлер Палау, Комор аралдарынын жана Панаманын желеги менен жүрүшөт. Чектөөлөр ошондой эле бул кемелердин ээлери же башкаруучулары болгон компанияларга да киргизилди. Алар Индия, Либерия, Оман, Бириккен Араб Эмираттары...