АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан расмий чыкты
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ) расмий чыкты. Президент Дональд Трамп былтыр жыл башында кызматына киришкенде ал уюмдан чыгуу көрсөтмөсүн берген. Ага себептердин бири катары COVID-19 пандемиясын жөнгө салуудагы каталары айтылган.
Маалыматка караганда, бул багыттагы жараян 22-январда аяктады.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги ДССУнун бардык демилгелерин каржылоо токтогонун, америкалык кызматкерлер уюмдун бардык кеңселеринен чакыртылып алганын, АКШ жетекчиликте...