Туманбаев "Дөөлөт" курулуш компаниясынын объекти мамлекетке өткөрүлүшү мүмкүн экенин айтты
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен Шопоков шаарына барып, “Дөөлөт” курулуш компаниясынын андагы курулуш объекттеринин абалын жеринде текшерди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы кабарлады.
Текшерүү маалында миңден ашуун үлүшчү (дольщиктер) аталган компанияга ишенип, 1 миллиард сомдон ашык каражат төлөшкөнү аныкталды. Айрым үлүшчүлөр кийинчерээк каражаттарын кайра алып кеткенине карабастан компаниянын эсептеринде жарандардын акчасынан 900 миллион сомдон ашык каражат болушу керектиги такталды.